Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

  • 3 года мурун

Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышты жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.

«Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттери соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечектеги пландарды белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинде уюмдун алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде гидроэнергетика тармагында өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты түзүүнү сунуштап, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.

Мындан тышкары мамлекет башчысы ЭКУга мүчө мамлекеттердин лидерлерин экономикалык өсүштө жана чөлкөмдү өнүктүрүүдө экономика үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникациялар, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болууга чакырды.

Саммиттин жыйынтыгында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары жыйынтыктоочу документти – ЭКОну динамикалык уюм катары бекемдөөгө, ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле жалпы баалуулуктарды жана кызыкчылыктарды түзүүгө багытталган иш-аракеттер боюнча Ашхабад консенсусун кабыл алышты.

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапарын аяктаган соң 28-ноябрдын кечинде Бишкекке кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты