Садыр Жапаров: Бир сөзү миң кайталанат. Антип манас айтпайт да

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине берген маегинде манасчы Дөөлөт Сыдыковду эмне себептен пиарчы деп айтканын түшүндүрдү.

-Уккам 14 саат манас айтканын. Сөздөрүнө маани берип, аягына чейин уксаңар. Бир сөзү миң кайталанат. Антип манас айтпайт да. Бир сөздү миң кайталап манас айтсаң 14 саат эмес, 14 сутка деле айтсаң болот. Саякбай Каралаев атабыздын Манас айтканын уккула. Бир да сөзү кайталанбайт. Андан кийин өзүңөр баа бересиңер, -деди мамлекет башчы Жапаров.

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени маалым.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыларын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты