Садыр Жапаров БАЭге жөнөп кетти. Кимдер коштоп барды?

  • 3 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кеткенин президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган өкмөттөр дүйнөлүк саммитине катышат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

-Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;

— Президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты