Садыр Жапаров: Атамбаев өзү айткандай, “бир жерин кысып тынч отуруп турсун”

  • 2 года мурун

Президент Жапаров 25-июнда «Кабар» агенттигине маек берип, мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев тууралуу да ой-пикирин билдирди.

-Мен бийликке келерим менен Алмазбек Шаршеновичке бардык шартты түздүрүп бергем. Мага чейин УКМКнын көчүк айланбаган тар камерасында жаткан. Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт. Муну менен мен “таш менен урганды аш менен ур” деген бабалардын насаатын аткардым, -деди Садыр Жапаров.

Андан кийин ал өзү түрмөдө жаткан кезин эстеди:

Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу. Колониянын башчылары «сиз катуу көзөмөлдө турасыз» деп так секирип качышар эле.

Жакындарым менен бир айда эки жолу гана жолукчумун. Мыйзам чегинде. Жаткан жеримди күн сайын тинтүү жүргүздүрүп турчу. Телефонумду күндүз катып, түнкүсүн колдончумун, -деп кошумчалады.

-Менин табиятымда өч алуу же кек сактоо деген сапат жок. Кудайга койдум деп ичимден эле айтып коюп, баарын ошол замат унутуп коём. Болбосо өч алып, ата-энем менен баламдын кунун куусам болот эле.

Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары Кудайдан.

Ошондуктан Атамбаев тобо деш керек. Бардык сот процесстери бүтсүн, анан чечим кабыл алабыз. Ал да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Жаманбы-жакшыбы алты жыл эл башкарды. Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула. Дагы адашып кетип үстөккө-босток кылмыш иштерин башына үйүп албасын, -деди мамлекет башчы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталды.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты