Садыр Жапаров Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чарага катышты
- 10 месяцев мурун
- Фоторепортаж
Садыр Жапаров 12-сентябрда, Алай районунун Гүлчө айылында Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарага катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө Алымбек датканын өмүр баянынын негизги баскычтарын ачып берген даректүү тасма, театралдаштырылган пролог көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров сыймыктануу гана эмес, датканын өмүр баянын жана Кыргызстандын тарыхындагы ролун изилдөө, анын мамлекеттүүлүктү чыңдоого кошкон салымын сактоо жана даңазалоо, бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү милдети турарын баса белгиледи.
Сөзүнүн соңунда президент төкмө акындардын «Айтыш» сынагынын жеңүүчүсүнө Ош шаарынан батир алууга сертификат тапшырды.
Ал эми ат оюндарынын — аламан байге, кунан чабыш жана жорго салыштын жеңүүчүлөрү автоунаалардын сертификат алды.










Сүрттөр: president.kg




