Гүлчө шаар болуп, мэр дайындалды

  • 1 месяц мурун

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылына райондук шаар статусу берилген. Эми ал шаарга Нурсултан Тажибаев мэр болуп дайындалды.

Гүлчө шаарына мэр дайындоо тескемесин Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев кол койгон.

Нурсултан Тажибаев мурда Гүлчө айыл аймагынын башчысы болуп иштеген.

Октябрь айында президент Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

 Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен Алай районунун Гүлчө айыл аймагы райондук маанидеги шаар категориясына киргизилип, Гүлчө шаары деп аталды жана анын чек арасынын баяндалышы бекитилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Алай райакимчилиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты