Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

  • 2 недели мурун

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.Облус башчысы Аманкан Кенжебаев тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.    

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ), райондук жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 388 кызматкер, 23 техника (анын ичинен 12 инженердик жана 11 жеңил техника) жана 5 мотопомпа тартылды.

Анын ичинде ӨКМ тарабынан 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника иш алып барууда.

Кырсык болгон аймакта координациялоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Искендер Сулайманов жүргүзүүдө.

Сел суулары 92 турак жайга зыян келтирген. 17 үйдүн жер төлөсүнө, 71 үйдүн короосуна жана 4 сарайга суу кирип, 4 социалдык объектке (2 мектеп, 1 калкты тейлөө борбору жана 1 музей) зыян келтирилген.

28-апрелде саат 16:45 чамасында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

Гүлчө шаарында Өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланган.

Сүрөт: Ош облусундагы өкүлчүлүк 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты