Садыр Жапаров: Аймакта тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономикада ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес

  • 2 года мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөргө түздөн-түз таасирин тийгизет деп эсептейт. Мамлекет башчысы бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ашхабадда өтүп жаткан ЭКУнун 15-саммитинде билдирди.

Садыр Жапаров аймакта тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономикада ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эместигин эскертти.

«Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Кыргызстан Кабулга жана алыскы Кичи, Улуу Памирдеги элге гуманитардык жардам жеткирди. Мындан тышкары Кыргызстанда окуп жаткан ооган студенттерине виза берүүнү улантуу чечими кабыл алынды. Ооганстандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү», — деди Жапаров өз сөзүндө.

Мамлекет башчысы ЭКУга кирген өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү деңгээлинин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен чараларды көрүүгө чакырып, Кыргызстан буга бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-саммити өтүп жатат.

Аталган уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты