Садыр Жапаров 2022-жылы иш сапары менен Италияга барат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарымында жумушчу сапары менен Италияга барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Ташкент шаарында министрлердин деңгээлинде өткөн «Борбор Азия + Италия» жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луижи Ди Майо менен жолукту.

Маалыматта эки тараптын президент Жапаровдун Италияга сапары жана министр Луижи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну талкуулаганы айтылат.

Мындан тышкары жолугушууда Казакбаевдин буга чейинки Италиядагы сапарынын жыйынтыгында айтылган кыргыз-италия инвестициялык фондун түзүү жана Италиянын Бишкекте элчилигинин ачуу маселелери талкууланган.

Бир ай мурун Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий ачылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты