Саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө 27 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

  • 3 года мурун

Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө жайгашкан 27 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды жана 636 жаран добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында быйыл 29 өлкөдө 59 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Алардын ичинен төмөндөгү шаарларда алгачкы жолу шайлоо тилкеси ачылган:

— Россия Федерациясы — Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара шаарлары;

— Түркия Республикасы — Анталья шаары;

— Америка Кошмо Штаттары — Нью-Йорк жана Чикаго шаарлары;

— Италия Республикасы — Кальяри (Сардиния аралы) шаары;

— Венгрия — Будапешт шаары.

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен 84 128 жаран шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты