Сүлүктүдө дайынсыз болгон жаранды издөө улантылууда   

  • 1 год мурун

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында дайынсыз болгон жаранды издөө иштери улантылууда. Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилигинде 6 куткаруучу, ИИМден 16 кызматкер, жалпы 22 адам тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

19-декабрда 1980-жылы туулган А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча ӨКМдин Сүлүктү шаардык бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган. Ошондон бери издөө улантылып жатат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты