Сүлүктүдө дайынсыз болгон жаранды издөөгө 33 киши тартылды  

  • 3 месяца мурун

Сүлүктү шаарында изделип жаткан жаранды издөө иштерин улантууга бүгүн, 25-декабрга карата, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 15 жана УКМКнын чек ара кызматынан 2 кызматкер, 2 дрон жана жергиликтүү жашоочулардан 12 жаран, жалпы 33 адам тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

19-декабрда Сүлүктүдөгү Кольцо айылынын жашоочусу, 40 жаштагы А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, КР ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча КР ӨКМнин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты