Президент Жапаров: «Манасчы экен деп жүрсөм, пиарчы экен”

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, коомчулуктун көңүл чордонундагы айрым суроолорго жооп берди.

«Манас» айылы этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун чет өлкөгө чыгып кетиши, ага куугунтук болдубу деген суроого мындай деди:  

— Куугунтук кылгыдай ал менин душманым беле? Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм, көрсө манасчы эмес эле пиарчы экен.

Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул — менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды,- деди Президент.

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени маалым.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде «Манас айылы» жаңыланып, анын маңдайына «Манас» театры салынарын билдирген.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты