Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы эл аралык кинофестивалда баш байге алды

  • 3 месяца мурун

10-майда Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын жыйынтыгы боюнча байге тапшыруу аземине катышты. Анда Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы баш байгеге ээ болду.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Конкурстун баш байгесине өзгөчө адам, аң-сезим жактан өсүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адил деген жигиттин тарыхын, эненин балага болгон күчтүү сезимин чагылдырган кыргызстандык режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» атуу көркөм тасмасы ээ болду.

Салтанатта «Дебют», «Мыкты режиссёр», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты кыска метраждуу фильм», «Мыкты анимациялык фильм», «Мыкты сценарий», «Биздин замандын каармандары» номинациялары боюнча фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз келип түшкөн жана катышуу үчүн Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдө жаратылган 33 тасма тандалып алынган.

Салтанаттын аягында баш байгеге ээ болгон «Бейиш эненин таманында» тасмасы тартууланды.

Сыйлык «Бейиш эненин таманында» тасмасынын автору Руслан Акунга жөнөтүлөт.

Иш-чара Москва шаарында Жеңиш музейинде өттү.

Маалымат үчүн: Эл аралык туура багыттагы кино фестивалы 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Өткөрүлүүчү негизги жай – Москва шаарындагы Жеңиш музейи, ошондой эле фестивалдын алкагында аймактык музейлерде, маданий мекемелерде, мектептерде жана бүткүл россиялык балдар лагерлеринде да өткөрүлөт. 2023-жылдан бери фестиваль эл аралык статуска ээ.

Кинофестивалдын программасында Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу көркөм жана даректүү фильмдер гана эмес, ар кыл жанрдагы фильмдердин кеңири панорамасы каралган. Кинофестивалда салттуу баалуулуктардын, гуманизм идеяларынын негизинде жаралган мыкты тасмалар топтолгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты