Өрттүн кесепетинен үй ээси каза тапты  

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:50дө жалпы 2 бөлүм, 1 суу ташыгыч унаа, саат 04:42де штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 05:45те чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлдү.

Жалпы аянты болжол менен 130 ч.м. жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен өрттөндү. Ошондой эле үйгө кошулган сарай.

Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган Л.О.А. аттуу үй ээси каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталып жаткандагы айтылды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты