Өрттөн 60 жаштагы киши жабыркады
- 3 года мурун
Бүгүн, 28-декабрда, түнкү саат 03:32 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун, Кулиев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдүн 40 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өрт өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 04:58 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен К.К аттуу 60 жаштагы киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматын жардам көрсөткөн. Анын абалы жакшы.экени кабарланды.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү