РСК банк “Элдик банк” болуп өзгөрүп, ипотекалык компаниядан батир алгандар үчүн кредит бере баштайт

  • 2 месяца мурун

Эки апта ичинде РСК банк Элдик банк болуп аталышын өзгөртөт. Элдик банк мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алгандар үчүн үстөксүз беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен кредит берип турат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында билдирди.

“Жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм, сиз тандаган батир 60 миң долларга бааланып жатат дейли. Сиздин колуңузда 20 миң долларыңыз бар. Кезексиз батир алыш үчүн МИКке 30 миң доллар беришиңиз керек. Батирге жетпей жаткан 10 миң долларды сизге “Элдик банк” (азыркы РСК банкы) беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат (Коммерциялык банктар 19 пайыз жылдык үстөгү менен беришет.

Эң башкысы “Элдик банк” берген кредити үчүн күрөө (залог) талап кылбайт. Күрөөсүз, бюрократиясыз тез эле берет.

Алгачкы беш жылда “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) алган каражаттан кутуласыз. Андан кийин МИКтин калган 50%ын төлөйсүз, -деди президент Жапаров.

Бул механизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштай турганы айтылды.  Анткени “Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

«Бирок батирге деп акча топтоп жаткандар болсо, азыртадан эле РСК банкынан эсеп ачып, каражатыңарды чогулта берсеңиздер болот» деди мамлекет башчы.

Мыйзам коомдук талкууга илингени айтылды.

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү каралган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын ичинде эле 38 миң 209 адам турак жайга кезекке турганын, электрондук порталда учурда 100 миңге жакын адам (99 931) кезекте турганын билдирген.

Сүрөт: МИК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты