“Элдик банк” эл аралык капитал рыногуна чыкты. Бишкекте жаңы башкы кеңсеси ачылды

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Бишкек шаарында Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик банктын” жаңы башкы кеңсесинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, президент бир кылымдык жол арбыткан аманат ишмердигинин улантуучусу дал ушул “Элдик банк” болуп саналарын белгиледи.

Аманат ишмердигинин түптөлүшүнө токтолгон Садыр Жапаров анын иши 1925-жылы башталганын белгиледи. Фрунзе жана Ош шаарларында ачылган алгачкы мамлекеттик аманат кассаларында аманаттарды кабыл алуу гана эмес, акча которуу, кредиттик сертификаттарды чыгаруу жана баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү иштери да жүргүзүлгөн.

“Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышы – мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жана өнүгүүнүн белгилеринин бири экенин белгилеп, ал – 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар каржы институту экенине көңүл бурду.

“Кудай буюрса, “Элдик банк” улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат. Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү” деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров банктын жетишкендиктерине өзгөчө токтолуп, “Элдик банк” Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык капитал рынокторуна чыкканын белгиледи. Быйыл Лондон фондулук биржасында 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырылган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты