Россиянын Забайкал крайында Кыргыз Республикасынын жарандары жол кырсыгынан каза тапты  

  • 4 недели мурун

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2025-жылдын 20-майында Россиянын Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандары каза болгондугун терең кайгыруу менен кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Чернышевск — Чита багыты боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунун натыйжасында 2003-жылы туулган П.Б. жана 2005-жылы туулган П.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары каза болушкан.

Россиянын компетенттүү органдары тарабынан бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кыргыз Республикасынын элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандардын туугандары менен байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Ошону менен бирге региондогу кыргыз диаспорасы менен бирге каза болгон жарандардын сөөктөрүн Мекенине жеткирүү маселеси каралууда.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты