Россияга кеткен атадан алимент өндүрүп алууга болот. Юристтин кеңеши

Төлөнбөй жүргөн алиментти атадан  кантип өндүрүп алуу керек экенин “Адвокаттын кеңеши” рубрикабыздан билсеңиздер болот.

Руслан (аты өзгөртүлдү) Россияга ишке кетип,балдарына каралашпай койгонуна эки жылдын жүзү  болгон. Быйыл Кыргызстанга келип, балдарына, аялына жолукпастан кайра Россияга кетип бараткан жеринен бажы кызматкерлери кармап калышкан. Себеби аялы Жумагүл (аты өзгөртүлдү) 2 жыл мурун мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун адвокатынын жардамы менен алимент өндүрүү боюнча сотко арыз жазып койгон.

Жумагүлдүн айтымында, балдардын атасы Россияга кетип, ал жактан башка аял алып алган  “Мен 3 балам менен күн көрө албай калдым. Балдарым жаш, огородду тырмалап, картошка, пияз, көк-сак өстүрүп тамагын үлөштүрөм, кийим-кечеден, мектепке керектүү окуу куралдарынан, кант-чайдан кыйналып калдык. Балдардын атасы Россияда жүрсө, кайдан алимент төлөмөк эле, адвокатка акчам дагы жок деп үмүтүмдү үзгөм. Бирок тааныштарым мамлекет акысыз адвокат жалдап берет экен деп айтып калганынан, аларга кайрылгам” деди ал.

Негизи Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик келишим боюнча алимент берүүчү адамдын иштеген жерине соттун чечимин жеткирсе, ошол иштеген мекеменин бухгалтериясы  айлыгынан кармап, банктагы эсепке которуп турат. Бирок, мигранттардын иштеген жери, жашаган жери так эмес болгондуктан бир топ кыйынчылык жаралат.  Жумагүлдүн күйөөсү Русландын жашаган, иштеген жери так эмес болгондуктан жооп ала алышкан эмес. Бирок Жумагүл мамлекет бөлүп берген акысыз адвокаттын жардамы менен сотко алимент өндүрүү боюнча жана сот аткаруучуга жолдошу алимент төлөбөй жатканы тууралуу арыз берип койгон.

Ошол жазылган арыздан улам сот аткаруучунун билдирүүсүнүн негизинде Руслан чек арадан кармалып, аргасыздан 2 жылдан бери чогулган  алименттин жарымын үстөгү менен төлөп, чала бүткөн үйүн улуу баласына каттап берген. Ошондой эле ал Жумагүл менен никесин ажыратып, алиментти айлыгынан которуп турам деп милдеттенме алган.

Адвокаттын сунушу менен соттун алимент тууралуу чечимин дагы иштеген жеринин бухгалтериясына почта аркылуу жиберишкен. Сот аткаруучунун “Руслан алименттин жарымын үстөгү менен төлөдү, жашаган жеринин, иштеген жеринин адресин так калтырып, мындан аркысын банк эсебине которуп турууга милдеттенди” деген маалымдамасынан соң Руслан Россияга кетүүгө мүмкүнчүлүк алды. Мындан ары ал 3 баласы үчүн айлыгынын жарымын алимент катары которуп турууга милдеттүү.

Маалымат үчүн

Сот чечим чыгаруу үчүн атасынын сөзсүз катышуусу зарыл эмес. Бардык документтер Жумагүлдүн колунда болгондуктан атасы  сотко келбесе да чечим чыгарыла берет.

Бажы өткөрүүчү пункттарына  укук коргоо органдары тарабынан мыйзамды одоно бузгандардын, алиментщиктердин, банктардан кредит алып төлөбөй же башка себептер менен укук коргоо органдарынан качып жүргөндөрдүн тизмеси берилет.

Аялдар күйөөсүнүн кайрылбай кеткенине 5-10 жылдап болсо күтө беришип, акыры ошончо жылдан берки алиментти кесип берүүсүн суранат. Мыйзам боюнча аял укук коргоо органдарына арыз берген күндөн баштап алимент кесилет.

Эгер сиз адвокаттын кызматына муктаж болуп атсаңыз бул шилтемедеги даректер аркылуу кайрылсаңыз болот  http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/legal-aid/where-to-get

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты