Россиядан кыргызстандык беш бала Мекенине кайтарылды
- 4 недели мурун
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги менен кызматташып, ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 5 баланы Кыргызстанга кайтарды.
Алардын ичинен үчөө жакын туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган балдар Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылды. Балдарды үй-бүлөсү менен бириктирүү иштери улантылууда.
Министрлик балдардын укугун жана коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл буруп, бул багытта эл аралык уюмдар жана консулдук кызматтар менен тыгыз иш алып барууда.
Сүрөт: Эмгек, соцкамсыздоо жана миграция министрлиги
Муну бөлүшүү