Россияда жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза тапты
- 3 недели мурун
2024-жылдын 31-декабрында Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Бузулук районуна караштуу Алдаркино айылынын жанында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин баштапкы маалыматтары боюнча, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тарапка чыгып, унаа ташыган машинаны сүзүп алган. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.
“Орусиянын компетенттүү органдарынан алынган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 4 жараны каза болгон. Алар: 1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. Жаш бала жаракат алган жана Бузулук шаарынын ооруканасына жеткирилген. Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги андагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери менен байланыш түздү. Кырсык болгон жерге Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ыкчам жөнөп кетишти” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан