Россияда чет элдик жарандар үчүн уюлдук байланышка жаңы талаптар коюлган
- 1 год мурун
Россияда чет өлкөлүк жарандардын уюлдук байланышын өчүрүлүшү тууралуу ММКда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
2024-жылдын 8-августунда кабыл алынган №303-ФЗ “Байланыш жөнүндө” Федералдык мыйзамга жана башка мыйзам актыларына кирген өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар SIM-карталарды Россияда оператордун кеңсесине барып гана сатып ала алышат. Бул учурда алар банк бөлүмдөрүндө биометриялык идентификациядан өтүшү керек (беттин сүрөтү жана үн жазуу).
Ал эми буга чейин SIM-картага ээ болгон жарандар байланыш өчүрүлүп калбашы үчүн тек-жайын тастыктап, төмөнкү документтерди мобилдик байланыш салонуна тапшырышы зарыл: СНИЛС (Россиянын социалдык фондунун бөлүмдөрүндө берилүүчү жеке эсеп номери), IMEI-код, “Госуслуги” порталынын маалыматы жана биометриялык маалыматтар.




