Россияда ата-эненин камкордугусуз калган беш ымыркай Кыргызстанга кайтарылды
- 10 месяцев мурун
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 13-сентябрында Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган 5 ымыркай бала Кыргыз Республикасына кайтарылды.
Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Иш-чара эмгек, Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, саламаттык сактоо министрлиги жана Россиядагы элчиликтин кызматташуусунда жүзөгө ашырылды.
Мекенге кайтарылган балдар Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине жайгаштырылып, мамлекеттик социалдык коргоого алынды.
Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан алардын туугандарына өткөрүп берүү маселелери каралууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




