Россия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди

  • 1 неделя мурун

Россия 1-декабрдан тартып Кытай жарандарына визасыз режим киргизди. Кытайлыктар үчүн визасыз режим 2026-жылдын 14-сентябрына чейин созулат.

Бул тууралуу жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.  

Жарлыкка ылайык, 1-декабрдан баштап Кытай жарандары Россияга конокко, иш жана туристтик максатта визасыз кире алышат. Ошондой эле Россия аймагы аркылуу Кытайдын паспорту менен транзит боюнча өтө алышат.

Ал эми визасыз режим Кытай жарандары үчүн жумушка орношуу, билим алуу же эл аралык ташуулар боюнча Россияда жашоого укук бербейт.

Иллюстрацияялык сүрөт: Интернет булактарынан

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты