“Рэкетир” фильми прокаттан алынып салынды

  • 10 месяцев мурун

“Рэкетир: Жаңы доор” фильми Кыргызстандагы бардык кинотеатрлардан прокаттан алынып салынды. Бул тууралуу “Синематика” кинотеатрлар түйүнү билдирди.

Аталган фильмге билет алгандар акчасын кайтарып алуу үчүн кинотеатрлардын администрациясына кайрылуусу керектиги эскертилди.

«Рэкетир: Жаңы доор” фильми — казакстандыктардын криминалдык драмасы. Бул үчүнчү сериясы. Биринчи, экинчи сериялары 2007 жана 2015-жылдары чыккан. Фильм Казакстанда көп акча чогулткан тасмалардын бири болгон.

Тасма Кыргызстанда жабык түрдө көрсөтүлгөн. Ал эми бүгүнтөн баштап, кинотеатрларда кеңири көрсөтүлө баштамак.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов парламент жыйынында бул сыяктуу фильмдер өспүрүмдөргө терс таасир берерин билдирген.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты