Кишинин сөөгүн кремация жасоого мүмкүндүк берүүчү ченемдер алынып салынды  

Президент Садыр Жапаров «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Мыйзам 2026-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен кремация жасоого – каза болгон адамдын денесин отко берүүгө (сөөгүн өрттөөгө) мүмкүндүк берүүчү ченемдерди алып салуу, маркумдун күлү салынган карапаны көмүүгө жана мүрзөнүн жанына көмүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдерди алып салуу, медициналык иштин натыйжасында пайда болгон адамдын органдарын жана ткандарын санитардык термикалык жок кылуудан тышкары, каза болгон адамдардын сөөктөрүн, адамдын боюнан алдырылган же өлүү төрөлгөн түйүлдүктɵрүн өрттөө үчүн крематорийлерди колдонууга тыюу салуу каралган. 

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты