Раззаков шаарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23- мартта, саат 02:07де Тажикистандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында — 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты