Равшанбек Сабировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду

  • 2 года мурун

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай чечим 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында кабыл алынды.

Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сабировду агенттиктин эмгек жамаатына тааныштырды. Жаңы түзүлгөн президентке караштуу Инвестициялар боюнча агенттикке улуттук деген макам берилди.

Равшанбек Сабиров 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты