Равшан Жээнбеков аны сотко күч менен алып барышканын айтты

Бүгүн, 2-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту  Кой-Таш окуясы саясатчы Равшан Жээнбековду ооруп жатканына карабай, күч менен алып барышканын билдирди. Ал соттук териштирүүнү  2-3 күнгө жылдырып турууну суранды.


-Мен 4-5 күндөн бери ооруп жатам. Дарыгерлер ооруп жатканда төшөккө жатуу режимин сунушташат. Соттук териштирүү күн алыс болуп жаткандыктан жатууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Мен чыйрыгып, үшүп, кечинде тердеп, тамагым ооруп жатат. СИЗО-1дин санитардык бөлүмүнө арыз жаздым. Медициналык жардам берүүнүн ордуна күч менен сотко алып келишти. 2-3 күн жатып, жакшы болгондон кийин ден соолугу чың адам катары сотко катышайын. Конституция, бардык эл аралык нормалар боюнча ооруган адамга Жаза аткаруу кызматынын алдындагы СИЗО-1дин медициналык жардамын алуу укугун берет», — деп РавшанЖээнбеков Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана башка эл аралык уюмдарга кайрылды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Эки айга камалгандардын арасында Равшан Жээнбеков да бар. Ал азыр №1СИЗОдо камакта жатат,

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты