Үрүмчү шаарында“Бедел” пунктун жана “Барскоон-Бедел-Учтурпан-Аксу” унаа жолун ыкчамдатуу маселелери каралды  

  • 12 месяцев мурун

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун жана “Барскоон-Бедел-Учтурпан-Аксу” унаа жолун куруу маселерин ыкчамдатуу каралды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарында Кытайдын СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуу учурунда сөз болду. 

Алар 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 млрд долларга жеткирүү максатын койгон эки мамлекеттин жетекчилеринин тапшырмасын ишке ашырууну активдештирүүнү талкуулашты. 

Кыргызстан президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кытай тарап кыргыз тарапка 41 млн 408 миң доллар грант берээри белгилүү болуп, бул сумманы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун курууга жумшоо сунушу айтылган.  Ошондой эле, “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын толук

кандуу иштешин камсыз кылуу жана модернизациялоо эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданы олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берээри айтылды. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты