Путин Украинада орус тарапта согушкан чет элдиктерге жарандык берүү тууралуу жарлыкка кол койду

  • 4 месяца мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада орус тарапта согушкан чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койгону белгилүү болду.

Нормативдик-укуктук актылар порталына жарыяланган жарлыкка ылайык, Орусиянын бийлиги «атайын аскердик операция» деп атап келаткан Украинадагы согушка орус армиясынын курамында катышуу тууралуу келишимге кол койгон чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Орусиянын жарандыгын ала алышат.

Мындай укук согушка катышып жатканда ден соолугуна байланыштуу же жаш курагынан улам кызматын токтоткон жана келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтү аяктаган чет өлкөлүктөргө да берилет.

Орусиянын Украинадагы баскынчылык согушунун катышуучуларына орус жарандыгын жеңилдетилген шартта берүүнү караган жарлыкка Путин 2023-жылдын жазында кол койгон. Өлкөнүн Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспорту бар туруп Украинадагы согушка катышкысы келбеген мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуш кылган.

Кыргызстандын миллионго чукул жараны Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда «Вагнер» жеке аскердик компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. «Азаттык» урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты