Путин режиминен качкан орусиялыктар Өзбекстанда батир баасын көтөрдү

  • 2 года мурун

Украинадагы согуш жана анын кесепетинен болгон экономикалык каатчылыкка байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар мекенинен чыгып кетүүдө. Алардын бир бөлүгү Өзбекстанга келди. Москва жана Орусиянын башка аймактарында жумушсуз калган эмгек мигранттары да үйлөрүнө кайтууда.

Орусиялыктардын Өзбекстанга келиши менен Ташкентте кыймылсыз мүлккө болгон баа өстү.

Кыймылсыз мүлк боюнча агенттер “Оздолик” радиосунун кабарчыларына билдиргендей, акыркы жумаларда ижара акысы орто эсеп менен 15 пайызга жогорулады.

«Өткөн айдын башында Ташкенттин Сергели, Алмазар, Юнусабад өңдүү эң арзан аймактарында бир бөлмөлүү батир айына 270 доллар болсо, азыр 300 долларга чыкты. Яккасарай менен Мирабад райондорунда учурда баа 500 доллардан 1000 долларга чейин жетүүдө» деди “Крыша” кыймылсыз мүлк агенттигин кызматкери Лидия Назарова.

Ташкентте турак жайлардын баасы да кымбаттоодо. Өткөн айда орто эсеп менен бир чарчы метр 605 доллар болсо, марттын ортосунда 691 долларга чейин көтөрүлдү.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар санкцияларды киргизген. Натыйжада рублдин куну түшүп, аны менен кошо өзбек валютасы да арзандап кетти. Соңку аптада эле сум долларга карата 12 пайызга төмөндөдү.

Санкциялардын кесепетинен жумушунан айрылган өзбек мигранттары да үйлөрүнө кайта баштады. Бул да турак жайлардын кымбатташына таасирин тийгизүүдө.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты