Путин Орусиянын жаңыланган ядролук доктринасын бекитти   

  • 3 недели мурун

Владимир Путин Орусиянын жаңыланган ядролук доктринасын бекитти.

Бул тууралуу жарлык 19-ноябрда укуктук маалымат порталында жарыяланды. Документ күчүнө кирди.  

Жаңыланган доктринада ядролук сокку уруунун негизи болуп “ядролук куралы жок болсо деле, ядролук колдоого ээ болгон мамлекеттин Россия Федерациясына жана союздаштарына каршы агрессиясы” эсептелет, ошондой эле ядролук эмес каражаттар, анын ичинде учкучсуз учактар менен абадан жапырт чабуулган өтүү дагы кирет.  

Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге аталган доктрина “өз убагында” жарыяланганын билдирди.  

“Интерфакс” билдиргендей, басма сөз катчы азыркы жарлыктын АКШнын Украинанын Куралдуу күчтөрүнө колдо болгон ракеталар менен Россиянын алыскы аймагына сокку уруунун байланышы тууралуу суроого жогорудагыдай жооп берди.   

“Президенттин азыркы тапшырмалары эртерээк берилди. Президент өзү бул өзгөрүүлөрдү даярдоонун аяктап калгандыгын билдирген” деди Песков.

Владимир Путин ядролук доктринаны жаңылоо зарылдыгы тууралуу Коопсуздук кеңешинин 25-сентябрдагы жыйынында билдирген.

АКШнын президенти Жо Байден Украинага ал мамлекеттин өзүндөгү алыска атуучу ATACMS ракетасы менен сокку урууга уруксат бергендиги кабарланды. 

Сүрөт: EPA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты