Путин Лавровдун сөзү үчүн Израилдин премьер-министринен кечирим сурады

  • 2 года мурун

Орусия президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө тышкы иштер министри Сергей Лавровдун еврейлер жана антисемитизм жөнүндө айткан сөзү үчүн кечирим сурады.

Бул тууралуу Нафтали Беннеттин канцеляриясы кабарлады.

«Премьер-министр президент Путиндин Лавровдун сөзү үчүн сураган кечиримин кабыл алды жана еврей эли менен Холокостко карата мамилесин түшүндүргөнү үчүн президентке ыраазычылык билдирди» деп айтылат кабарда.

Кремлдин сайтында болсо орус президентинин кечирим сураганы тууралуу жазылган эмес. Анда Путин Израилдин эгемендик күнү менен Нафтали Беннетти куттуктаганы жана Украинадагы согушту, анын ичинде»Азовсталь» заводундагы эвакуацияны талкуулаганы гана жазылган.

1-майда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина президенти Владимир Зеленскийди нацисттик Германиянын фюрери Адольф Гитлер менен салыштырган. Ал “6 миллион еврейди кырган Гитлердин өзүндө “еврей каны” бар деген”. “Даанышман еврей калкы ашынган антисемиттердин өзү чынында еврейлер деп айтышат” деп билдирген Лавров. Израиль бийлиги Лавровду калпычылыкка жана расизмге айыптап, орус элчиси Анатолий Викторовду түшүндүрмө берүүгө чакырган.

3-майда Орусия ТИМи “Антисемитизм жөнүндө” макала жарыялап, Израилди “Киевдин неаонацисттик режимине” көмөктөшүп жатат деп айыптаган. Кийинки күнү министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова Израилдин жалданма аскерлери “Азов” жоочулары менен бирге согушуп жатканын айткfн.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты