Путин чокусуна Кыргызстандын туусу орнотулду

  • 2 года мурун

Владимир Путин атындагы чокуга Кыргызстандын туусу орнотулду.

Бул тууралуу КР альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Мындан бир нече күн мурун Путин чокусуна белгисиз альпинисттер Украинанын желегин орнотуп кетишкен. Мындай видео соцтармакта тарап, кызуу талкуу жараткан болчу.

2011-жылы бул чокуга Россиянын Президенти Владимир Путиндин ысымы ыйгарылган.

Аталган чоку Бишкек шаарынан анчалык алыс эмес жерде, Ак-Суу капчыгайында жайгашкан. Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4446 метр бийикте.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты