Путин АКШ жарандарынын Орусиядагы мүлкүн конфискациялоого уруксат берди

  • 2 месяца мурун

Орусия президенти Владимир Путин АКШнын, америкалык жарандардын, резиденттердин, негизинен америкалык рынокто иштеген компаниялардын  мүлктөрүн конфискациялоого уруксат берди.

Ал муну АКШда орусиялык активдердин бөгөттөлүшүнө каршы жооп иретинде кабыл алынганын билдирди. Жарлык укуктук актылардын расмий порталында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, орусиялык компаниялар жана жеке адамдар АКШда мүлктөрүнүн камакка алынышы тууралуу чечимди негизсиз деп таануу боюнча орус сотуна кайрылууга мүмкүнчүлүк алышат.

Эгер орус соту конфискацияны негизсиз деп тапса, атайын өкмөттүк комиссия активдердин ордун толтуруу үчүн Орусияда табылган АКШга тиешелүү мүлктөрдү сунушташы керек.

Путиндин жарлыгы АКШга же Американын тургундарына жана жарандарына тиешелүү кыймылсыз мүлктөрдү, баалуу кагаздарды, орусиялык компаниялардын акцияларын камакка алууга уруксат берет.

2022-жылы декабрда Сенат АКШ мыйзамдарын бузганы үчүн конфискацияланган орус олигархтарынын активдерин Украинага жардам берүү үчүн пайдаланууга уруксат берген.

Түзөтүүлөрдүн авторлору Москва Украинага келтирген чыгымды төлөп бериши керек деп бир нече жолу билдиришкен. Февраль айына карата согуштан келтирилген зыян 486 миллиард долларга бааланган.

Орусия банкынын АКШдагы активдери 2022-жылы Орусиянын Украинага чабуулу башталгандан кийин тоңдурулган. Каражаттын азыраак бөлүгү Кошмо Штаттарда, ал эми көп көп бөлүгү ЕБ өлкөлөрүндө бөгөттөлгөн. АКШ жана анын союздаштары бул каражатты конфискациялоонун укуктук механизми табылабы же жокпу деген маселени талкуулашууда. Учурда бул боюнча чечим кабыл алына элек. Евробиримдик бул активдерден түшкөн кирешени Украинанын муктаждыктарына колдонуу планын гана макулдашкан.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты