Прокуратура жөнүндө мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкуусуз кабыл алынды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 22-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууларда талкуусуз кабыл алынды.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамга жана кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү президент демилгелеген эки мыйзам долбоору боюнча депутаттарга Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков маалымат берди.

Белгиленгендей, мыйзам долбоорлорунун негизги максаты – Конституцияга жана башка мыйзам актыларына ылайык келтирүү, ички коллизияларды жоюу, мамлекеттик жана расмий тилдердеги кээ бир айырмачылыктарды бири-бирине дал келтирүү жана укук колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен айрым жоболорду жакшыртуу.

Бул өзгөрүүлөр колдоо тапса прокурорлор сотко чейинки текшерүү жүргүзүүгө, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоп, тергөө органдарына тиешелүүлүгүнө жараша өткөрүп берүүгө же козгоодон баш тартууга, мыйзамда каралган учурда иштерди бириктирүүгө жана бөлүүгө, кылмыш иштери боюнча мыйзам бузуу болсо төмөн турган прокурорду четтетүүгө шарт түзүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты