Прокуратура:  Далил катары алынган баңгизатты уурдап алууга милиция кызматкерлери шектелүүдө

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алууга шектүү болуп чыккан.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдоого шектүү деп табылган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты