Ата Мекендик согуш ардагери Асек Урманбетов 101 жашында дүйнөдөн өттү
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 22-декабрда, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 101 жаш курагында дүйнө салды.
Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Асек Урманбетов 1923-жылы туулган. Ал Украина жана Белоруссия аймагында согушка катышкан. Согуш маалында күжүрмөн тапшырманы аткарып, эки жоокер менен бирге ар кандай жүгү бар 76 немис машинесин кармаган.
Асек Урманбетов Улуу Ата Мекендик согуш ордени жана Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
Коргоо министрлиги кабарлагандай, маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 23-декабрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында өтөт.
Коштошуу зыйнаты Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик оркестринин жана ардак эскортунун катышуусунда өткөрүлөрү айтылды.
Муну бөлүшүү