Профессор, Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжарга Навои атындагы эл аралык сыйлык тапшырылды  

  • 4 недели мурун

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Будапешт шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунунун (ТМУ) бейформал саммитине катышуунун алкагында уюмдун төрагасы катары дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз — профессор Азиз Санжарга«Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылды.

«Анын молекулярдык биологияга жана медицинага кошкон зор салымы жөн гана бир адамдын жетишкендиги эмес, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон окумуштуулар үчүн шыктануу болуп саналат» деди Жапаров.

Азиз Санжар биздин замандашыбыз жана улуу түрк элинин бир бөлүгү экенине сыймыктануу билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Азиз Санжар ультрафиолет нурлануусунан жабыркаган ДНКны калыбына келтирүү механизмдери боюнча жасаган иштери менен белгилүү. Анын изилдөөлөрү картаюу процесстерин жана рактын өрчүшүн түшүнүү үчүн олуттуу мааниге ээ. Ал 400дөн ашык илимий макала жана 33 китептин автору.

2015-жылы ДНКны калыбына келтирүү боюнча изилдөөсү үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Алишер Навои атындагы биринчи эл аралык сыйлык 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда өткөн ТМУ мамлекет башчыларынын он биринчи саммитинин алкагында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго каза болгондон кийин ыйгарылган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы/Султан Досалиев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты