Президенттин Россияга сапары соңуна чыкты

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун 20-22-декабрда Россияга иш сапары аяктады.

Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров менен Россиянын лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болду. Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.  

Андан соң Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны өттү.

Жыйындын соңунда Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул жылы анын лауреаттары катары Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёевге сыйлык ыйгарылды.

Мамлекеттик Эрмитажда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү.

Мамлекет башчылары КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.

Россияга болгон иш сапарын аяктаган соң, президент Садыр Жапаров 22-декабрда Бишкек шаарына кайтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты