Президенттин коомдук башталышта бир гана кеңешчиси, Binance криптовалюта биржа негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана бар

  • 3 недели мурун

“Президенттин коомдук кеңешчиси” жана “Президенттин коомдук жардамчысы” деген кызматта учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов билдирди.  

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча).

Бул билдирүү акыркы убакта айрымдардын тигил же бул адамды “Президенттин коомдук кеңешчиси же президенттин коомдук жардамчысы” деп атап жаткандыгына байланыштуу.

Президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын бардыгын 2024-жылы сентябрда президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи).

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты