Президенттин администрациясынын имаратын “Кыргызкурулушсервис” курат
- 1 year мурун
Президенттин иш башкармалыгына караштуу социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жоюлгандан кийин, ал имаратты куруу долбоорун “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырмакчы.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.
Президент Садыр Жапаровдун 14-июндагы жарлыгы менен «Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу дирекциясы» мамлекеттик ишканасы жоюлду.
Муну бөлүшүү