Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу дирекциясы жоюлду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 14-июндагы жарлыгы менен «Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу дирекциясы» мамлекеттик ишканасы жоюлду. Бул тууралуу «Акипресс» агенттиги жазып чыкты.

Жарлыкка ылайык, президенттик аппараттын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында жасалды. Мамлекеттик ишкананы жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу дирекциясы 2021-жылдын 21-декабрында №571 Жарлыгы менен түзүлүп, аны Марат Турсунбеков жетектеп келген.

Бул мамлекеттик дирекция бузулган «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу менен алектенген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты