Борбор шаардын Лев Толстой көчөсүндөгү имараттан өрт чыкты
- 2 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 27-майда, Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан имараттардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:48де: Октябрь райондук №5 өрттөн куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм жөнөтүлгөн. Саат 16:52де дагы бир, жалпысынан эки бөлүм тартылды. Саат 16:54тө №5 ӨКБдан автошаты жана штаб иш алып барууда.
Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метр. Өрт чыккан жерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары. Имангазиев барды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




