Искусство университетине беш кабат кошумча окуу корпусу курулууда
- 4 месяца мурун
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде беш кабаттуу кошумча окуу корпусу курулууда.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жаңы имарат окуу жайдын негизги корпусуна чектеш, Бишкек шаарынын Жантөшев көчөсүндөгү 113 дарегинде курулуп жатат. Темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка чейин жетти. Ал эми жертөлө кабатында кыш коюу иштери аткарылып, 1-кабаттын дубалдары аяктап калды.
Долбоорго ылайык, окуу корпусу 4 кабаттуу “А” жана 5 кабаттуу “Б” блоктордон туруп, окутуучулар жана студенттер үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттарды камтыйт.
Министр Нурдан Орунтаев тиешелүү жетекчилерге курулушту убагында жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди.
Сүрөт: Курулуш министрлиги




