Нарын шаарында ИИБдин жаңы имараты ачылды

  • 2 месяца мурун

Нарын шаарында 21-мартта Ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Имаратты ачуу салтанатына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Мамлекет башчы өз сөзүндө 1983-жылдан бери эски имаратта иштеп келе жаткан ИИБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди бүгүнкү күнгө чейин колдон келишинче так аткарып келишкенин эске салды.

Эки жыл мурда министр Улан Ниязбеков президентке Нарын шаардык милициясынын абалы жөнүндө маалымдап, жаңы имарат куруу боюнча сунуш киргизген.

1 жыл 7 айдын аралыгында  4 кабаттуу, 1 миң 500 чарчы метрди түзгөн, ичинде баардык шарты бар жаңы имарат курулган.

Ошону менен бирге кечээки иш-чарада Ички иштер министрлигине тиешелүү дагы 26 объекти онлайн ачылды.

Ал Нарын облусунда мындан башка дагы 6 жерде, Ат-Башы жана Нарын райондорунда милициянын айылдык бөлүмчөлөрү ачылып жатканын кошумчалады.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине республиканын бардык аймагы боюнча орнотулган видеокөзөмөл камераларынын санын учурдагы 5 миңге жакын камерадан 20 миңге чейин баскычтуу көбөйтүүнү жана аларды бирдиктүү мониторинг системасына интеграциялоону тапшырды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты