Президенттик балатынын биринчи күнү башталды
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 18-декабрда, Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү башталды. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 490 бала келди.
Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты. Ал балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Балдар “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна жана Бакен Кыдыкеева атындагы театрга барышып, оюн-зоок программа менен “Маугли” театралдык спектаклин көрүштү.
Негизги программа 19-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен уланат.

Сүрөттөр: edu.gov.kg
Муну бөлүшүү




