Президенттик администрациянын алдында кырдаалдык борбор түзүлдү
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу, бүгүн, 26-октябрда Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, борбор президенттин жана Министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында түзүлгөн.
Муну бөлүшүү